Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева УКМК тарабынан кысым болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбооруна каршы добуш бергени үчүн УКМК бир тууганына иш козгойм деп коркутууда.
"Урматтуу төрага, биз сизди шайлап жатканда депутаттардын үнү болом, коргоп берем деп сөз бергенсиз. Кемпир-Абадга каршы добуш берген депутаттардын баарына коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Кечээ менин туулган күнүм болчу. Камчыбек Кыдыршаевич, сизге чоң рахмат! Берген "белегиңизди" эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма иш козгойм деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да унутпайм. Кечээ каршы добуш берген депутаттар менен сүйлөшсөм, баарынын жакын туугандарын жумуштан алып жатыптыр. Менин мамлекеттик кызматта жакындарым жок, алыскы туугандарымды кызматтан алып жатыптыр. Бул уят нерсе. Бизнесиңерди тартып алам десеңер. Бакиевдин убагында да мындай болгон эмес", - деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал жай мезгилинде да коркутуп-үркүтүүлөр болгонун кошумчалады.