Баңгизат сатканы үчүн бир жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 2021-жылы милиция тарабынан Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Ничке-Сай айылынын тургуну, 1986-жылы туулган М.А. аттуу жарандан жалпы салмагы 2 килограмм 160 грамм болгон баңгизатын алып коюу боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлгөн.
Натыйжада М.А.ны кармоо мүмкүн болгон эмес, анткени ал баңгизатын жашырганы жетишип, кылмыш жасалган жерден качып кеткен.
Ошентип соттун чечими менен аталган жаранга издөө жарыяланып, кармалган учурдан тартып камакка алуу чарасы тандалып алынган.
Мындан тышкары М.А. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган мурда козголгон үч кылмыш иши боюнча (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) айыпталууда.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, ушул жылы 17-ноябрда жогорудагы кылмышка шектүү Суусамыр өрөөнүнүн аймагынан кармалган.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.