Ошто 3 жылдан бери издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды

Каракчылык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 30 жаштагы Б.уулу Б аттуу Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы берген маалыматта жазылат.

Маалым болгондой, ал 2019-жылдын октябрь айында Ош шаардык соту тарабынан каракчылык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн сыртынан соттолуп, ага издөө жарыяланган.

Шектүү ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда соттолгон. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Мындан тышкары ал кол салууга байланышкан башка бир нече кылмыштарды жасоого шектелүүдө. Аны кармоо Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн.

Шектүү Ош ШИИБине жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан