Таласта алты жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кырсык 21-ноябрь күнү саат 17:05 чамасында Талас районунун Көк-Кашат айылында болгон.
Анда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 84-чакырымында Ж.Р. аттуу айдоочу Хонда-Степвагон автоунаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, 2016-жылы туулган Р.А. аттуу баланы сүзүп кеткен.
Натыйжада бала жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.
Аталган кырсык маалыматтарды эсептөө журналына катталып, учурда Тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.