Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин иликтей турган депутаттык топ түзүлдү

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин иликтей турган депутаттык топ түзүлдү.

Анын курамына Чынгыз Ажыбаев, Алишер Козуев, Талант Мамытов, Эмил Жамгырчиев, Айсара Абдибаева, Динара Ашимова, Гуля Кожокулова, Ырысбек Атажанов кирди.

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбоору каралган. Анда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.

Бул тууралуу кечээ Жогорку Кеңеште талкуу болуп, депутаттар аталган маселе боюнча тийиштүү кызмат адамдары келип жооп берүүсүн талап кылган. Эл өкүлдөрү кесиптешине жасалган мындай мамилеге нааразычылык билдирип, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттардын укугун коргой албай жатканын сындашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан