"Катар-2022": Криштиану Роналду Португалиянын гимни болуп жатканда көзүнө жаш алды

Бүгүн, 24-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 1-турдук оюнунун алкагында Португалия менен Гана курама командалары беттешүүдө.

Оюн алдында атактуу футболчу Криштиану Роналду өз өлкөсүнүн гимнин аткарып жатканда эмоциясын кармай албай көзүнө жаш алды.

Криштиану Роналду буга чейинки берген маегинде Португалия Дүйнө чемпиону болсо карьерасын жыйынтыктоого даяр экенин айткан. Чабуулчу ошондой эле Катардагы дүйнө чемпионаты анын акыркы ири турнири болушу мүмкүн экенин белгилеген.

Учурда оюн 0:0 себинде уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан