Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, ээси каза болду

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Бишкектин Кудрук көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен, үйгө кошулган сарай, таштанды күйгөн.

Кырсыктын кесепетинен 73 жаштагы Л.О. аттуу үй ээси каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.

“Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан