"Таластык кыз" ыры менен сахнага кадам таштап, тез убакыттын ичинде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган кыргыз эстрада ырчысы, маданияттын мыкты кызматкери Мирбек Иманбеков 37 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, өздүк майрамын үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилерин билдирди.
"Куттуктап чалганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Биринчилерден болуп кызым куттуктады. Мени куттуктоо үчүн шаардан эжелерим атайын келиптир. Бүгүнкү майрамды үй-бүлөмдүн курчоосунда өткөрөм. Буюрса, бардыгы жакшы. Маанайым сонун", - деди ырчы.
Мирбек Иманбеков Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чоң-Кара-Буура айылында төрөлгөн. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунун хордук дирижёрдук бөлүмүндө (ОХД) окуган. Ал "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" сыяктуу ырлардын аткаруучусу.