Бүгүн, 25-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 2-турундагы оюндары башталат.
Бүгүн А жана В тайпаларындагы командалар беттеш өткөрөт.
А тайпасында Голландия — Эквадор ойноп, биринчи айлампада жеңишке жеткен. Бул беттеште кайсы өлкө жеңүүчү аталса плей-оффко чыгат.
Бүгүн саат 16:00дө Уэльс менен Ирандын командалары беттешет. В тайпасында саат 19:00 Катар – Сенегал ойнойт. Саат 22:00 А тайпасында Голландия менен Эквадор, В тайпада саат 01:00 Англия – АКШнын командалары оюн талаасына чыгат.
Эске сала кетсек, Дүйнө чемпиондугу 18-декабрга чейин уланат.