Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын тез арада өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу төрага бүгүн, 25-ноябрда улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайда билдирди.
"Ар бир Кыргыз жараны кыргыз тилин билиши керек. Бул чоң талап болуп, кыргыз менен кыргыз эне тилинде сүйлөшүүгө милдеттүү деген ураан менен жашашыбыз керек. Бөлөк тилди билбөө уят эмес, кыргыз тилин билбөө уят. Өлкөдө дагы деле башка тилдеги жер-суулардын аталыштары бар. Ошонун баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Алардын бирин, баш калаабыз Бишкектин төрт районун тез арада кыргызчалоо шарт", - деди Шакиев.
Учурда Бишкектин райондору Биринчи Май, Свердлов, Ленин, Октябрь деп аталат.
Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.