"Елизавета" курулуш компаниясы Баткен облусунда каза болгон Чек ара кызматынын танк экипажынын мүчөсү Шерали Анаркуловдун үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батирди тапшырды.
Шерали Анаркулов 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек араны коргоодо согушта курман болгон. 26-сентябрда анын сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.
Шерали 31 жашта эле, артында жубайы жана эки жашар кызы калды.
"Елизавета" компаниясынын башкы директору Нуржан Тынымсеитова биздин жерибиз, элибиз мамлекетибиздеги эң баалуу нерсе экенин белгилеп: "Шерали Анаркулов – кыргыз элинин чыныгы баатыры жана бул анын үй-бүлөсүнө жасай турган аз гана нерсе", - деди.