Бүгүн, 25-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы кызыл айып кагазы көрсөтүлдү.
Тагыраагы Иран Ульс беттешинде Ульс курама командасынын дарбазачысы Уэйн Хеннесси ирандык чабуулчу Мехди Таремиге каршы оюн эрежесин бузду. Калыс ага алгач сары айып кагазын көрсөткөн. Бирок ирандык футболчулар нааразы болгондон кийин калыс кайталоону карап көрүп, дарбазачыга кызыл айып кагазын берди.
Муну менен Уэйн Хеннесси Катардагы Дүйнө чемпиондугунда кызыл айып кагазын алган биринчи футболчу болду.