ПОЭТЕРАПИЯ: "20 мүнөт үнөмдөйм деп а балким, 20 жылды “чорт” сындырып кетербиз"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы Бегалы Токтогулов.

Бегалы Токтогулов 1994-жылдын 13-февралында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. Филологиялык билим берүү боюнча бакалавр, магистрдик билимге ээ. "Асылдар" аттуу чакан поэтикалык ырлар жыйнагын чыгарган. Учурда "Кыргыз радиосунун" журналисти, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенет.

АСЫЛДАР
Башта жамгыр, ак булуттан тамчыла,
Көчөлөрдөн кыян болуп аккыла.
Жамгыр сени жакшы көрөт сүйгөнүм,
Барып алып терезесин каккыла.

Токтобочу ак жамгырга улансын,
Тамчыларың бийиктиктен кулансын.
Тазалыкты жакшы көргөн ардагым,
Терезеден тиктеп алып кубансын.

Ал ардагым өзүң өндүү таза жан,
Кудай аны тунук кылып жасаган.
Сен абаны, ал жүрөктү тазалайт,
Биз ошентип кутулабыз кападан.

Экөөңөрдөй асыл кайдан табылат,
Жамгыр жаасаң гүлдөр, чөптөр жаңырат.
Суранарым көп күттүрбөй баштачы,
Жаабай койсоң кыялкечим сагынат.

КАЙРЫЛУУ
Объём 5, газды катуу басабыз,
180ди кармап бара жатабыз.
Эр жүрөксүң, ишенесиң өзүңө,
Бирок, досум! Биз каякка шашабыз?

Алып-учпай уксаң боло айтканды,
“Зу-у” өтөбүз санай албай бактарды.
“Трассанын королубуз" деп коюп,
Мактанасың машинадан ашканды.

Чындап эле, кара мерс кенебей,
Машиналар калып жатат ченебей.
“Камрини көрчү досум” деп койдуң,
Калып калды токтоп турган немедей.

Сыймык сага минген ушул темириң,
Менин болсо көздөн учат өмүрүм.
“Жай айдасам майды өтө ичет” деп,
Шылтоо айтып бензиниңе кейидиң.

“Сактанганды, сактаймын”-дейт Кудай да,
Санаа тартпай бензиниңе, мунайга.
Салонуңдун ичи толо киши бар,
Кала көрбө кан жытына, убалга.

Алда Кудай! Шашкан менен нетербиз,
20 мүнөт, макул эрте жетээрбиз.
20 мүнөт үнөмдөйм деп а балким,
20 жылды “чорт” сындырып кетербиз!

Шайтан айтса, коркууң дагы жоголот,
Дөңгөлөктөр кетеберет тоголок.
Ылдамдыгың ушул болсо жиниккен,
Туура алдыңдан бала чыкса не болот?

Айтканыңды аткаралбай калсаңчы?
"Ашалам" деп, мактаналбай калсаңчы?
Кырсык деген каш-кабактын ортосу,
Рулуңду башкаралбай калсаңчы?

Айтканымды кулагыңа илбейсиң,
“Жүрөгүң жок, коркоксуң” деп тилдейсиң.
Өргө шашып баратам деп тебинип,
Көргө шашып баратканың билбейсиң!

Тү! Тү! Анын жүзүн ары кыл.
Сабак болсун деген гана жаңы ыр.
“Жаман айтпай, жакшы жок”- дейт кыргызда,
Болуп жаткан көрүнүшкө анык ыр...

Эх жолоочу, ырымды окуп койгула,
Алдыңдагы ошол кандуу жол мына.
Кайда барсаң Кыдыр болуп жолдошуң,
Кырсыктардан алыс эле болгула.


ӨЗГӨРӨМ
Мен бүгүн башкачамын.
Өткөндүн баарын кайра эстеп алгам,
Өзүмдү жаман көрүп кектеп алгам.
Ал мендик болоруна жетпейт көзүм,
Максатсыз махабатты беттеп алгам.

Мен бүгүн тажап турам.
Жаман ой жан дүйнөмдү эзип бүттү,
Майдалап бөлүп-жарып кесип бүттү.
Мен чечпей жашоомдогу максаттарды,
Мен үчүн муктаждыктар чечип бүттү.

Мен бүгүн өзгөрөмүн.
Жиликтеп ой-санаамды бөлбөй жашайм,
Турмуштун мыйзамына көнбөй жашайм.
Болчу иш болот экен, боло берсин,
Мен эми жамандыкты көрбөй жашайм.

Бала кезден Манас айтчумун. Төкмө акындардын айтышын калтырбай көрүп, өзүнчө жүргөндө жамактап ырдап жүрө берет элем. Кийин эс тартып калганда чоң апам шыгымды байкаса керек, Байдылда Сарногоевдин "Ашуудан берген отчётум" китебин белек кылган. Ошол китепти кайталап окуп жүрүп поэзияга жакындадым. Негизинен атам Токтогул таланттуу киши.

ӨТКӨНДҮН ТАСМАСЫ
Түк ишенбе! Көп сөз айтам балдырап,
Түк кайрылба! Барсам кайра жалдырап.
Сенин жаның данек болсо көмүлгөн,
Менин жаным отко түшкөн жалбырак.

Бүгүнкү ый, эртең токтойт, басылат,
Сынган көңүл, эртең бүтөт, жазылат.
Убакытка тепселенип элестер,
Унутулат, шууру сындуу чачылат.

Мезгил өтөт, бир ордуңда турбайсың,
Кийин кайра элестерди жыйнайсың.
Мына ошондо токтогон ый уланып,
Анысында дөң кучактап ыйлайсың.

Мени эмес топуракты өбөсүң,
Өткөндөрдү тасма кылып көрөсүң.
“Кеткен кетти, өткөн өттү” дейсиң да,
Куу турмуштун жетегине көнөсүң.

Ыр жазууда эргүү ар кандай учурда келет. Бирде маанай жакшы кезде, бирде шашып жумуштарың менен жүргөн кезде, көбүнесе ойго жараша келсе керек деп ойлойм. Жүрөгүңө тийген окуяларды ойлонуп калган чакта ошол темада ыр жазгың келет. Элге оюңду жеткире албай, ыр аркылуу жеткирген учурлар болот.

ЖАШАЙСЫҢ

Өзүң болуп көктөн түшкөн асыл жан,
Жытың дагы бүткөн окшойт атырдан.
Суктануулар ичте калсын айтпаймын,
Сулуулугуң ырларымда катылган.

Тоскоолдуктар буттан тартып, такымдан,
Таарынууну көп өткөргөм башымдан.
Кабак бүркөп аны сага айтпаймын,
Кайгы муңду ырларыма жашыргам.

Курган өмүр гүлдөй өнүп жашарсын,
Мейли өмүр суудай соолуп азайсын.
А сен болсо кереметке курчалган,
Ырларымда,жүрөгүмдө жашайсың.

Негизинен Жараткан ар бир адамга ар кандай мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, бирөө колу менен устачылык кылып, ошондон ырахат алса, бирөө чечен болуп сүйлөп, айтканынан ырахат алат. Ушул сыяктуу ыр жазуунун дагы өзүнүн сөз менен жеткиргис ырахаты бар. Жараткан берген белек, тартуу. Акындар өзүнүн кейишин дагы, жемишин дагы ыр аркылуу чыгара билет. Бул жашоодо ар бир адам бакыт деп эсептеген нерсесин жыйнайт эмеспи. Бирөө билим жыйнайт, акча, байлык, бирөө үй-бүлө жыйнайт. Ошол сыяктуу эле менин тапканым, жыйнаганым, артымда калган изим ыр болсо экен деп тиленем.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан