Каракол жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору пара берип жаткан жеринен кармалды

«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору О.А. аттуу жаран пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, "Каракол жылуулук камсыздоо" мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишмердигинде 2018-2021-жылдарга карата мыйзам бузуулар аныкталган.

Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү жана аталган ишкананын финансы-чарбалык ишмердигине тиешелүү текшерүүлөрдү уюштуруу максатында ушул жылдын 16-ноябрына текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору О.А. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине текшерүүнү токтотуу жана аныкталган финансылык мыйзам бузууларды аудитордук актыга түшүрбөөнү айтып, системалык түрдө ачык-айкын акчалай сыйлык сунуштап келген. Аны далилдеген аудио-видео жазуулар жасалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("ири өлчөмдө пара берүү") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 25-ноябрда Каракол шаарынын шартында 5000 доллар өлчөмүндө пара берип жаткан учурда "Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору аттуу жаран кармалган.

Учурда УКМК тарабынан облустун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана башка мамлекеттик органдардын тутумундагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана жоюуга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан