Бишкектеги райондорду кыргызча атоо демилгесин Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журова сындап чыкты. Ал "Москва сүйлөйт" радиосуна берген интервьюсунда билдирген.
"Бул жөн жеринен эмес. Бул орус тилин сүрүп чыгууга болгон алгачкы майда кадам. Биз тарап андай кылбоону эскертиши мүмкүн, себеби бул нерсе Кыргызстандагы орус тилдүү жарандардын укугун бузат", - деген ал.
Журова Грузия менен Украинаны мисал катары келтирип, ал жакта орус тили окутулбай жатканын билдирген.
"Украинада ушундай жол менен башталганын билебиз. Мамлекеттик тилди коргоо сыяктуу болгон, ошол эле учурда адамдар орусча сүйлөбөй тургандыгын акырындык менен түшүнүшкөн", - деген Журова.
Ошол эле учурда ал Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эскертүү берерине ишене турганын айткан.
Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев кечээ, 25-ноябрда Бишкекте өткөн курултайдагы сөзүндө Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди билиши зарылдыгын айткан. Ошол эле учурда борбор калаанын 4 районунун аталышын тез арада өзгөртүү керектигин билдирген.