Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайга конок катары келген Сапарбек Аргынбаев өлкө башчы Садыр Жапаровго Алексей Ширшовдун убадасы боюнча суроо салды.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, бүгүнкү жаныңызда жүргөн кошоматчыларга бир ооз сөзүм бар. Токтоткула, кошоматчы болуп жүрүп канча президентти аңга түрттүңөр. Бир эле кыска сураныч, токтоткула. Бул жерде башкы прокурор Курманкул Зулушев отурат, убагында мен андан сурандым эле. Ушул Садыр Жапаровду 2017-жылы 25-мартында материалдарды токуп туруп он жылга камаган изилдөөчүлөр, прокурор, соттор эмне үчүн жоопко келтирилген жок десем, мага башкы прокурор, "Садыр Жапаров арыз жазган жок" деген.
Садыр Жапаров, сизден суранарым ошол акыйкатты ордуна келтиргиле. Ошол прокурор, сот, ошол жакта окугандардын баарын жоопко тарткыла. Ошентсе бүгүнкү күндө болбогон жерден камалып жаткандардын бардыгы эртең эле чыгып келет.
Экинчи суроом, Ширшов келгенде башынан сылап тосуп алып, ал Максим Бакиевдин 200 миллион долларын алып келип берем дегенин айткансыздар. Ошол акча келдиби? Келсе кайсы эсепке түштү жана кимдин эсебине түштү? Бүгүн Ширшовдун кадрларынын бардыгы келди. Анын ичинде энергетика министри Таалай Ибраев бар болгон. 2010-жылдан бери ага алты кылмыш иши ачылган. Эмне үчүн алты кылмыш иши ачылган кишини министр кылып коюп жатасыздар?", - деди Аргынбаев.