Анжиян облусундагы Ташкент-Ош-Анжиян А-373 автожолунда автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, үч киши каза болуп, 38 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
"Жол кырсыгы ишемби күнү болжол менен саат 08:10до автожолдун 389-390-чакырымында туман каптап турган кезде катталган. Алдын ала маалыматка караганда, автобустун айдоочусу жол эрежесин бузуп, карама-каршы тилкеге чыккан", - деп айтылат билдирүүдө.
Ар кандай жаракат алган 38 адам Анжиян облусундагы Бустанск районунун бириктирилген ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин жеке көзөмөлүндө экени айтылды.