Бишкекте жол кырсыгынан төрт жүргүнчү жабыркады

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте саат 14:00 чамасында катталган жол кырсыгынан төрт жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу ЖККК башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя борбор калаанын Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда кичи автобус менен Honda Odyssey автоунаасы сүзүшкөн.
Кырсыктан кичи автобустагы төрт жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген.
Белгилүү болгондой, кичи автобуста онго жакын жүргүнчү, ал эми жеңил автоунаада эки адам болгон.
Учурда эки унаа тең айып короо жайына киргизилип, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан