Кечээ, 27-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 2-турдук оюндары өттү.
Анда "F" тайпасында Хорватия курамасы Канаданы 4:1 эсебинде жеңип алды. Бул жеңилүү Канада курамасын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.
Акыркы турдагы беттештин жыйынтыгына карабай, "F" тайпасында акыркы орунда турган Канада курамасы мындан ары Хорватия менен Мароккону упайлардын айырмачылыгында ашып өтө албайт. Себеби эки командада тең төрттөн упай бар. Бул тайпада үчүнчү орунда Бельгия курамасы бар. Анда 3 упай бар.
Канада Дүйнө чемпиондугу менен коштошо турган экинчи команда болду. Буга чейин Катар курамасы плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.