Очогу коңшу Кытайда болгон 5,5 баллдык жер титирөө Алай районунда 4,5 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-ноябрь күнү саат 01:58де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.