Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна барган жылдыз күйөрмандардын ичинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп дагы бар. Ал Франция жана Дания курама командаларынын беттешине барган.
"Килиан Мбаппени бүгүн кечинде Франция курамасы менен укмуштуудай жеңишке жетишин куттуктайм! Килиан таланттуу дагы, сезимтал дагы", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Иванка Трамп.
Оюндан кийин 23 жаштагы чабуулчу Иванка Трампка жана анын үй-бүлөсүнө "ПСЖ" клубунун футболкаларына кол коюп берген.
Белгилей кетсек, Франция Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагында Данияны 2:1 эсебинде утуп алган. 6 упайга ээ болгон француздар "D" тайпасында биринчи орунда келе жатат.