"Месси үйүнө кайтышы мүмкүн". Аргентина кандай жол менен плей-оффко чыга алат? Талдайбыз

Учурда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу кызый баштады. Дегенибиз тайпалык баскычтын акыркы турдук оюндары башталар алдында Дүйнө чемпиондугу менен мөөнөтүнөн мурда болгону 2 гана команда коштошту.

Акыркы турдук оюндар башталар алдында Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасы плей-оффко жолдомо ала элек жана команданын абалы оңой эмес.

Кененирээк сөз кылуу үчүн алгач регламентти караш керек. Дүйнө чемпиондугунда упайлар тең болгондо, алгач командалар жалпы гол айырмасы боюнча салыштырылат.

Сауд Арабияга алгачкы эле оюнунда сенсациялуу утулган Аргентина курамасы дароо өзүн кыйын абалга калтырды. Тайпалык баскычтан эле үйгө кайтуу Лео Месси жана курама команда үчүн уят болот. Бирок бактыга жараша, Мексиканы жеңип алар дагы да болсо плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошентсе да аларды алдыда оңой эмес команда күтүп турат. Бул Польша курамасы. Аргентина Польшаны жеңсе плей-оффко жолдомо алат.

Эгерде Аргентина Польша менен тең чыкса, анда команда эки сценарий боюнча экинчи орунда калат. Биринчиси Сауд Арабия менен Мексика тең чыгышы керек же Мексика Сауд Арабияны үч гол айырмачылыгында утушу керек. Ушунда гана Аргентина өзүнүн тайпасынан экинчи орун менен чыга алат.

Аргентина Польшага утулса анда үйүнө кайтууга аргасыз болот.

Көпчүлүк футбол күйөрмандары бул Дүйнө чемпиондугун Лионель Месси же Криштиану Роналду утуусун каалап жатышканын баса белгилей кетели.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан