Бишкектен Сокулукка такси айдатып барып, андан кийин айдоочуну тоноп кеткен жаран кармалды

Сокулук районунда такси айдоочусун тоноп кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, милицияга 27 жаштагы Я.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 27-ноябрь күнү Бишкекте такси кылып иштеп жүргөндө белгисиз адам Сокулукка жеткирүүсүн суранып, жеткенден кийин бычак менен коркутуп аны тоноп кеткенин билдирген. Ал Самсунг А32 жана 8000 сом акчасын алдырган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 24 жаштагы Т.Р. аттуу жараны кармалган.

"Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-11-28 20:41:00
Көзүн оюп алыш керек экен бул шумшуктун. Тоногон мындай болот деп көзүн оюп алыш керек эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан