Чоң Чүй каналынан сөөгү табылган аялдын өлүмүнүн бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул оор кылмышка шектүү Орусиянын Ханты-Мансийск шаарынан кармалган.
"Өлтүрүлгөн аялдын аты-жөнү аныкталып, ал Пригородное айылында жашаган Х.М. аттуу 1974-жылы туулган жаран болуп чыккан.
Бул кылмышка шектелип 2022-жылдын 25-ноябрында жөнөтүлгөн багыт боюнча, Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ханты-Мансийск шаарынан 1968-жылы туулган А.И. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда кылмышка шектүү жаранды өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралууда.
Эске салсак, 14-октябрда Сокулук районундагы Чоң Чүй каналынан зомбулуктан каза болгон аялдын дене бөлүктөрү табылган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын аймагындагы Чоң Чүй каналынан жансыз дененин калган бөлүктөрү табылган.