Ирандын футбол федерациясы АКШнын футбол боюнча улуттук курама командасын Ирандын кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 10 оюнга дисквалификация кылууну талап кылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ирандыктар АКШ курамасы герби жок Иран желегинин сүрөтүн футбол федерациянын сайтына жайгаштырганына нааразы болушкан. АКШ курама командасынын өкүлдөрүнө каршы арыз ФИФАнын этика комитетине жөнөтүлдү.
Буга чейин АКШ курама командасынын басма сөз кызматы социалдык тармактарда Ирандын расмий желегин алып салуу чечимин “Ирандагы адам укуктары үчүн күрөшкөн аялдарга колдоо көрсөтүү” деп түшүндүргөн.
Иран менен АКШ курамасы 30-ноябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө беттешет. Эгерде Иран жеңишке жете турган болсо, плей-офф баскычына чыгат.