Баткенде аткезчилик менен алектенген жарандар кармалды

Баткенде аткезчилик менен алектенген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, алардын бири 23 жаштагы С. Н. М. Баткендин тургуну болсо, экинчиси 51 жаштагы М.Г. Т. Араван районунун тургуну болгон.

Алар 15 миң 40 даана, жалпы суммасы 6 миллион 16 миң сомдук “Левонекст” левофлоксацин аталышындагы медициналык дарыларды Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан Өзбекстандын аймагына өткөрүп жүргөн жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (контрабанда) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Баткенде аткезчилик кылган жарандар кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан