Футбол боюнча Камерун жана Сербия курама командалары Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 2-турунун алкагындагы беттеште 3:3 эсебинде тең чыгуу менен упайларды бөлүштү.
Оюндун 29-мүнөтүндө бурчтан чыгарылган топту Камерундун коргоочусу Жан-Шарль Кастелетто башты дарбазага таамай багыттап, эсепти ачты. 45-мүнөттө Сербия курамасынын коргоочусу Страхиня Павлович айып соккудан гол киргизип эсепти теңеди. Эки мүнөттөн кийин серб жарым коргоочусу Сергей Милинкович-Савич айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, командасын алдыга алып чыкты.
53-мүнөттө сербиялык чабуулчу Александр Митрович улуттук курама команда үчүн карьерасындагы 51-голун киргизип, беттештеги артыкчылыкты бекемдеди. 64-мүнөттө Камерундун чабуулчусу Винсент Абубакар дарбазачы менен жекеме-жеке чыгып, эсепти 2:3 кылды. Эки мүнөттөн кийин африкалыктардын чабуулчусу Эрик Шоупо-Мотинг эсепти теңеди.
Муну менен эки команда тең турнирде алгачкы 1 упайга ээ болушту. Эске салсак, 1-турда сербдер Бразилияга (0:2), ал эми камерундуктар Швейцарияга (0:1) утулуп калган.