Түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган факты боюнча Ош ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде 25-октябрда саат 19:00 чамасында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн А.З. аттуу жаран 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жаран "Акчанын жасалма экендигин билген эмесмин, ушул даректен акча алып кетүүгө келгем, кызмат акымды төлөп беришмек" деп билдирген. Тергөөнүн алкагында бул кылмышка каракчылык менен соттолуп абакта олтурган Т.Д. аттуу жарандын тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 4 800 доллар өлчөмүндөгү каражат жасалма экени аныкталган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар уланууда.