Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалы болот. Анда командалар “Фристайл” жана “Карапули” сынактарында ат салышат. Жеңүүчү 6 команда жарым финалга жолдомо алат. “Ак-Өргө” city” курама командасынын оюнчусу Эрмек Таалайбеков "Даярдык мурдагыга караганда бир аз жетишсиз болду. Команданын оюнчулары Самат менен Эмил тартылган “До+Фа 2” тасмасынын бет ачары болгондуктан убакыт азыраак болуп калды. Ошентсе да жеңишке жетишүүгө аракет кылабыз” деп билдирди.