"100 миң долларын уурдашкан". Москвада чак түштө Кыргызстандын жаранын карактап кетишти (видео)

Москвада чак түштө Кыргызстандын жаранын карактап кетишти. Окуя Москванын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Литовский бульварындагы банктын филиалынын жанында болгон.

Маалым болгондой, Кыргызстандын жараны банктан чыгып келе жатканда куралчан эки адам ал тарапка ок чыгарып, 100 миң доллар салынган баштыгын алып кеткен.

Орусиянын ММКлары укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, кол салуу атайын көрсөтмө менен алдын ала пландалганын жазышты.

Айрым басылмалар полиция кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармаганын жазышты.

Москвада чак түштө Кыргызстандын жаранын карактап кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulia90
2022-11-29 17:34:00
Кыргызстандыктарды тоногон Москвада моода болуп кетти окшойт)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан