Баткенде мал уурулукка шектүү жарандар кармалды

Кадамжайда мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунда ушул жылдын сентябрь айынан тарта массалык түрдө мал уурулук катталып жаткандыгын билдиришип, арыз менен жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан.

Бул арыздар Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 10 баш бодо мал белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилгендиги аныкталган.

Кылмышка шектелип Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын мурда сот жообуна тартылган 58 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну Бишкек шаарынан кармалды. Ошондой эле анын шериги Орозбеков айыл аймагынын 51 жаштагы тургуну Ы.Т. экендиги аныкталып, Охна айылынан кармалган.

Азыркы учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан