Сосновкада айдоочу КамАЗды башкара албай үйдү сүзүп алды (фото)

Бишкек-Ош жолунда бара жаткан КамАЗ Сосновка айылында үйдү сүзүп, кырсыкка учурады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирмеге таянсак, окуя кечээ, 28-ноябрда саат 16:15 чамасында болгон. Анда Сосновка айылынан түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан КамАЗдын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгине чыгып, үйдү сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 40 жаштагы айдоочу Х.А.В Жайыл районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.

Видео: Эртай Искаков

Сосновкада айдоочу КамАЗды башкара албай үйдү сүзүп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ali88
2022-11-29 16:13:00
Камаз эмес го, кытайлардын ховосу окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан