Ноокенде жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумду

Ноокен районунун Кыла айылы аркылуу кесип өтүүчү Бишкек-Ош автоунаа жолунун 519-855-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖККК башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, кырсык 28-ноябрда саат 01:00 чамасында болгон. Анда Дэу-Нексия унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келип жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу Волва үлгүсүндөгү унаанын артынан сүзгөн.

Дэу-Нексия унаасындагы 3 жаран каза болгон. Учурда унаалар айып короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан