Бүгүн, 29-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында тайпалык баскычтын 3-туру башталат.
А жана В тайпаларында 1/8 финалына кимдер чыгары аныкталат.
Эскерте кетсек, бул тайпада бир дагы команда плей-оффко жолдомо алган эмес.
Катар курамасы гана эки оюн катары менен утулуп, тайпалык баскычтан кийин оюнун аяктайт.
Калган командалардын биринчилик күрөштү улантууга мүмкүнчүлүгү бар.
29-ноябрдагы беттештердин графиги:
21:00 Эквадор – Сенегал, А тайпасы
21:00 Нидерланды – Катар, А тайпасы
01:00 Иран – АКШ, В тайпасы
01:00 Уэльс – Англия, В тайпасы
Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталган болсо, 18-декабрда жыйынтыкталат.