Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалы башталды. Ага "Ак-Өргө City", "Позитифф", "Политех , "Евраш", "Нур", "Тамашарики", "Элестет", "Олимпик", "Бруклин", “Ассорти” “Универсал” “Каракол” командалары катышат. Оюндун жогорку деңгээлде өттүсү күтүлүүдө. Командалар “Фристайл” жана “Карапули” сынактарында ат салышат. Көп упай топтогон 8 команда жарым финалга жолдомо алат. Калыстар тобунун курамында ырчы Гүлжигит Калыков, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, "Мегаком" компаниясынын өкүлү Улан Барпиев, спортчу Нурлан Эралиев, ырчы Батма, юрист Жоомарт Жолдошов, ырчы Урмат Усенов болсо, алып баруучулукту салттуу түрдө Эрмек Нурбаев аркаламакчы.