Москвада Казакстан сулуусунун жансыз денеси табылды

Москвадагы "Луна" театрынын актрисасы жана "Казакстан сулуусу - 2000" сынагынын катышуучусу Наталья Стешенко каза болду. Бул тууралуу актриса эмгектенген театрдан билдиришкенин орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, азырынча актрисанын өлүмү боюнча толук маалымат жок.

37 жаштагы Стешенконун жансыз денеси 28-ноябрь күнү кечинде өзү жашаган батиринен табылган. Кошуналары "Тез жардам" кызматын чакырганда анын каза болуп калганын аныкташкан. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери аныкталбаганы айтылды.

Наталья Стешенко 2000-жылы "Мисс Казакстан" сынагына катышкан. Соңку жылдары "Луна" театрында иштеп келген. Карьерасында эки тасмага тартылууга үлгүргөн. Ал "Алданган аялдар лигасы" комедиялык сериалында башкы ролду ойносо, "Инспектор Купер" долбооруна да тартылган. Мындан сырткары театрда бир канча образдарды жараткан.

Ал 1984-жылы Казакстандын Павлодар шаарында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан