Баткенде 2 миллион 100 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Баткенде 2 миллион 100 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Баткен шаардык мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен 0,15 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө Э.У. аттуу жарандын жеке менчигине бөлүнүп берилгендиги аныкталган.

Аталган жер тилкеси боюнча прокуратура сотко доо менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкенин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.

"Областтык прокуратура тарабынан Баткен шаардык мэриясына келтирилген прокурордук актыны кароонун жыйынтыгында, жалпы 2 миллион 100 миң сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан