"Дөө Чыңгыздын" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын белгилөөсүнө караганда, Бишкек шаарынын тергөө абагында Жумагуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы жүргүзгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө камактагылар Д.Ш., С.С., Э.К., М.З., С.Б. бул кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылды. Алар криминалдык талаш-тартыштардын келип чыгуусунан, алдын ала өз ара келишимдин негизинде бул өзгөчө оор кылмышты жасашканы белгиленди.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча айыпталуучу катарында жоопко тартылган. Ошондой эле өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыргандыктары үчүн Т.Ж., Д.А. Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренеси (“Кылмышты жаап-жашыруу”) менен айыптары угузулуп, кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна негизинен кароо үчүн жөнөтүлдү.
Ал эми Бишкек шаарынын тергөө абагынын кызмат адамдарына карата, алардын күнөөсүнөн режимдик объектте киши өлтүрүү мүмкүн болгондуктан, Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө иштери аяктоо алдында турат.