"Туулган күнүмдө алгачкы жеке концертимди берейин дегем...". Ырчы Эльзар Өскөнбаева 35 жашка чыкты

Бүгүн, 30-ноябрда ырчы Эльзар Өскөнбаева өздүк майрамын белгилеп жатат. "Маржан" тобунун солисткасы 35 жашка чыкты.

Ырчы быйылкы туулган күнүн өзгөчө өткөрүп, эл менен кошо майрамдоону максат кылганын айтты. Бирок Европага уюштурулган концерттерге байланыштуу ал кыялы ишке ашпай калганын белгиледи.

"Бул жылы туулган күнүмдү башкача өткөрөм деп көптөн бери максат кылып жүргөм. Филармониянын залын бүгүнкүгө алдын ала ээлеп да койгон болчумун. Бирок Европага болгон концерттик турга байланыштуу Бишкекке кечээ күнү эле келдим. Ошентип бул ирет туулган күнүмө делген кыялым ишке ашпай, концерт кийинкиге жылып кетти. Мындан эки жыл мурда өздүк майрамымда, чоң уулума сүннөт той, кичүүсүнүн тушоосун кесип, менин туулган күнүмдү кошуп, чоң той бергенбиз. Бул жылы болсо, үй-бүлөмдүн жакындарымдын курчоосунда тар чөйрөдө эле белгилейли деп жатабыз. Биринчилерден болуп балдарым, жолдошум, ата-энем куттуктап, жакшы сөздөрүн арнашты. Маанайым сонун", - дейт ырчы.

Эльзар Өскөнбаева 1987-жылы Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Таш-Башат айылында төрөлгөн.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр окуу жайынын салттык музыка жана фольклор кафедрасында окуп, Замирбек Үсөнбаев жана Роза Амановадан сабак алган.

Ырчы "Аккан суу" дастанын айтып, "Эгиз жүрөк", "Агатайым", "Мага жар керек" деген ырларды ырдап эл оозуна алынган.

30-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан