"Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын жеңүүчүсү, модель Лазат Нуркожоева өзүнүн дүкөнүн ачты. Бул тууралуу модель Инстаграм баракчасына жазды.
Айтымында, өзүнүн дизайнерлик дүкөнүн жарым жылдан бери даярдап жүргөн.
"Өзүмдүн дагы бир кыялымды ишке ашырдым. Ушул даражага жеткирген ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Ар бир нерсенин убакыты бар экен, жарым жылдан бери даярдап жүргөн өзүмдүн дизайнерлик брендимди сиздерге тартуулай турган убакыт ушул күнгө туура келген экен. Бет ачарын жогорку деңгээлде өткөрүп алдык, ал эми дүкөн эртең, 1-декабрдан тарта сиздер үчүн эшигин ачат", - деп жазган Лазат Нуркожоева.
Белгилей кетсек, Лазат Нуркожоева президент Садыр Жапаровдун иниси Дөөлөт Жапаровдун кызы.