Бүгүн, 7-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалы болуп өттү. Командалар “Фристайл” жана “Карапули” сынактарында күч сынашты. Эки сынактын жыйынтыгы боюнча "Тамашоу" лигасынын жарым финалына катышуучу командалар аныкталды.
Алар "Позитифф", "Ак-Өргө City", "Олимпик", "Элестет", "Политех , "Нур", "Бруклин", "Тамашарики" жана “Ассорти” курама командалары.
Ал эми "Евраш", “Универсал” жана “Каракол” командалары аз упай топтогуна байланыштуу жарым финалга катыша алышпайт.