Алдамчылыкка шектелген Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билиришти.
Маалым болгондой, ички иштер органдарына Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) алдамчылык жолу менен башка бирөөнүн акча каражаттарын ээлеп алуу максатында алдамчылык аракеттер болгонун айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранып, арыз менен кайрылган.
Белгиленгендей, бейтааныш жаран алдамчылык жолу менен көмүрдү биргелешип сатуу шылтоосу менен арыздануучунун ишенимине кирип, 250 000 сом акча каражатын алган. Андан кийин аталган кылмышка шектүү жаран кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн дагы 150 000 сом сурап, алгандан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 400 000 сомду түзөт.
Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган С.М. тергөө кызматына жеткирилген.
Белгиленгендей, кылмышка шектүү бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Аталган кылмышка шектүү Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.