Абактан чыкканына 2 апта өтүп... Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү 47 жаштагы жаран кармалды. Бул жөнүндө ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.

Анда айтылгандай, Октябрь РИИБнин №4 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери С.Ибраимов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонулуп каза болгон белгисиз жарандын жансыз денесин табышкан.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө ашкана бычагы табылып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Мындан тышкары маркумдун аты-жөнү аныкталып, жакын туугандары тарабынан таануу жүргүзүлгөн.

Шектүү катары 9-ноябрда таңкы маалда Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен туруктуу жашаган жери жок, 47 жаштагы Н.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Ал мурда эки жолу соттолуп, абактан чыкканына эки жума болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алгачкы тергөөдө экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, мушташып кеткени аныкталган. Андан соң шектүү маркумду бычак менен сайып, качып кеткен.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-12-01 21:22:00
Мындай иттерди багып олтурбай олтуруп салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан