УКМК: "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын үч мүчөсү парламентте мыйзамсыз иштеген"

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште мыйзамсыз, жасалма документтерди колдонуу менен иштөө фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешке кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын үч мүчөсүнүн документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталган.

Алар: Партия лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган Кулмурзаева Айпери Сүйүнтбековна, фракциянын катчылыгынын эксперти – 1994-жылы туулган Алибаева Айгерим Абдижалиловна жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы - 1993-жылы туулган Муратбек уулу Азаматка карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча УКМК аларга кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды.

Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (Атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Алибаева менен Муратбек уулу жасалма документтерди моюнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
make2
2022-12-01 23:05:00
Айла жок күлөсүңда, башка айла жок
-1
Azat-123
2022-12-03 11:17:00
make2 айлаң жок болсо апаңа барып ыйла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан