"Бильярд клубун тоноп". Бишкек милициясы уурулукка шектүү жаранды колго түшүрдү

Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ч.Р. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 2-ноябрь күнү эртең менен саат 07:00 чамасында Чүй кең көчөсүндө жайгашкан бильярд клубунун кулпусунталкалап, мыйзамсыз кирген белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Арызында бильярд клубдан 120 миң сом накталай акча жана 60 миң сомдук товар уурдалганын билдирген.

Аталган факты Свердлов РИИБинде каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1988-жылы туулган А.Р. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатат.

"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0 (701) 99-99-14, 0 (709) 60-06-05, 0 (990) 05- 50-77 , 0(550) 90-09-54, 0(312) 43-28-15 жана 102", - деа билдирди милициянын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-12-01 21:23:00
Суротун ачык эле жарыялагыла эл билсин таанысын мындай иттерди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан