Калаадагы Bishkek Park соода борборунан өрт чыкты

Бүгүн, 1-декабрда борбор калаадагы Bishkek Park соода борборунун 3-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, өрт кырсыгы болжол менен саат 14:00 чамасында болгон. Ичиндеги жарандар сыртка эвакуацияланган.

Министрликтен билдиришкендей, өрт боюнча маалымат түшөрү менен кызматкерлер жерине жөнөшкөн. Бирок алар барганга чейин эле өрт толугу менен өчүрүлгөнү айтылды.

Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган эмес. Соода борбор кадимки режимде ишин улантып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан