Бажы кызматы: "1 миллион сомдук алтын алып чыгып бараткан кытайлык жаран кармалды"

"Манас" аба майданында аткезчилик жолу менен баасы бир миллион сомдон ашык табигый уютундуларды алып чыгып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Бишкек-Дубай авиакаттамынын жүргүнчүлөрү текшерүүдөн өтүп жатканда Кытай Эл Республикасынын жараны кармалган. Анын рюкзагын текшерүү учурунда бажылык тариздөөнү тастыктаган эч кандай документтери жок сары металлдан табигый уютундулар табылган.

"Кармалган товардын жалпы салмагы 240 граммды түзгөн. Баалоочу компаниянын экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын наркы 1 048 836 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан