Бүгүн Улуттук филармонияда "Бишкек сулуусу-2013" сынагы өтөт
Бүгүн, 8-декабрда борборубуздагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Бишкек сулуусу-2013" сынагы өтөт. Кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусундагы сынак мода тармагын даңазалаган шоу-программада өтөт. Максаты - шаардын жүзүн көрсөтө алган айымды аныктоо жана катышуучулардын шоу дүйнөсүндө тартуулай ала турган жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү болуп саналат. Сынактын жеңүүчүсү "Бишкек сулуусу-2013" наамы менен кошо Дубайга барып келүүгө мүмкүнчүлүк алат.