Бир сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кабарлангандай, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Виноградный айылында жыгач устундуу темир калай менен жабылган мечиттин жалпы 120 чарчы метр чатыры, полу жана 2 даана пластик терезеси күйгөн.
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында Фольксваген гольф үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Дэу Матиз үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан.
- Чүй облусунун Кемин районундагы Чолок айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 4 чарчы метр жыгач полу күйгөн.
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 6 чарчы метр шыбы күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.