Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 13-сентябрында милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда ал февраль айында Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынан бир адам андан 650 миң сомго Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сатып алганын билдирген.

Бирок сатып алуучу унаанын акчасын бербей туруп, унааны башка адамдарга сатып жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан